www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайыл районунун Чалдовар айылында жигит сүйгөн кызын досу экөөлөп зордуктаган окуя болду. 17-августта Нурлан өзүнүн Илич деген досу экөө сүйгөн кызы Айгүлдү сүйлөшүп отурууга чакырган. Сүйгөнүнө ишенип алар менен чогуу отурган Айгүлдү Нурлан ой-боюна койбой зордоп койгон. Аны менен чектелбей сүйлөшкөн кызын досуна да салып берген, ал да кыздын каршылыгына карабай, алсыздыгынан пайдаланып зордуктаган.
Кордукка чыдабаган Айгүл Нурландын телевизору менен гитарасын, Иличтин унаасынын айнегин талкалап салганы айтылууда. Арданган кыздын арызданам дегенине зордукчулдар “Иличтин документи жоголду, сен уурдадың” деп жалаа жабышкан. Илич кызды унаага салып Панфиловка айылынын тоо тарабындагы ээн жерге алып барып сабап, “өлтүрөм” деп коркутат, жалынып-жалбарган кызды кайра алып келип Чалдовардын жанына жолго таштап кеткен.
Жабыркаган кыз Панфилов айылдык ооруканасына, андан кийин Кара-Балтадагы ооруканага түшкөн. Анын мээси чайкалып, катуу таяк жеген. Тергөөчүлөргө аны жигиттер урганын айтканы менен, экөөлөп зордукташканын айтуудан уялып, жашырып койгон. Бул тууралуу туугандарына да билдирген эмес. Кызыгы, зордукчулдар да кызга каршы арыз беришкен.
Булак: NazarNews.kg