www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айт намазы учурунда борбор калаадагы коомдук тартипти сактоого 2 миң милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнин маалымат кызматы билдирет.
21-августта Эски аянтчада унаа кыймылына да чектөө киргизилет. Алсак, Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүнө, Абдымомунов көчөсүнүн Панфиловдон Тыныстановго чейинки бөлүгүнө, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүйдөн Фрунзеге чейинки бөлүгүнө чектөөлөр киргизилет.
Эске салсак, Курман айт намазы 21-август күнү Бишкек шаарындагы эски аянтта окулат. Намазга чогулуу таңкы саат 6:30да башталат.
6:30дан 7:15ке чейин дин аалымдары баян окуйт;
7:15тен 7:35га чейин муфтийдин орун басарынын куттуктоосу жана баяндамасы;
7:35тен 7:45ке чейин өкмөттүн куттуктоосу;
7:45те айт намаз башталат.
Булак: NazarNews.kg