www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук банк Ысык-Көл облусундагы “Ишкер” микрокредиттик агенттигинин ишмердигин 23-авгсттан тарта токтотот. Банктан кабарлашкандай, микрокредиттик агенттик Улуттук банктын буйруктарын аткарбай, текшерүү иштерине каршылык көрсөткөн. Ушуга байланыштуу, компанияга 2003-жылы берилген күбөлүк жараксыз деп табылды.
“Ишкер” Ысык-Көл микрокредиттик агенттиги” мекемеси мамлекеттик ишкана болуп эсептелет, 1999-жылы Эмгек жана социалдк өнүгүү министрлиги тарабынан уюшулган, жетекчиси Аманканов Улан Нурланович.
Буга чейин агенттик прокуратура тарабынан текшерүүгө алынып, жыйынтыгында 2008-жылдан 2016-жылга чейин өз аппаратын каржылоого уставдык капиталынын эсебинен 1 млн 545 миң 620 сомду мыйзамсыз короткону аныкталган. Бул факты боюнча Каракол прокуратурасы Кылмыш кодексинин 304- (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) жана 308-беренелери (“Бюджеттик каражатты мыйзамсыз иштетүү”) менен кылмыш ишин козгогон. Андан аркы иликтөөлөрдү жүргүзүү Финполдун Ысык-Көлдөгү бөлүмүнө тапшырылган.
Булак: NazarNews.kg