www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбан Магомед Мусаев Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын эсебине алгачкы байгени алып келди.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, 19-августта 97 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Мусаев финалда ирандык Алиреза Каримимачиани менен таймашып, 6:0 эсебинде жеңилип 2-орунду алды.

Финалдык таймашка чейин Магомед Мусаев үч беттеш өткөрүп, атаандаштарын уткан. Алгач түркмөнстандын балбаны Зиямухаммет Сапаровду 8:2, чейрек финалда ооганстандык Нур Ахмад Ахмадини 6:3 эсебинде таза жеңген. Жарым финалда түштүк кореялык Жаеганг Кимди утуп (1:1), финалга чыккан.

Магомед Мусаев 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында да күмүш байге алган.

Бул күнү Мусаевден тышкары кыргызстандык үч балбан килемге чыкты. Алмаз Сманбеков (57 кг.) алгачкы беттешинде түштүк кореялык балбанга жеңилип, мелдештен четтеди. Алибек Осмонов (65 кг.) алгач ооганстандык Малик жан Садеедди ири эсеп менен жеңип (13:2), чейрек финалда кытайлык Катай Иерланбиекеге жеңилди (13:4). 86 килограммга чейинки салмакта Алигаджи Гамигаджиев 1/8 финалда кореялык Гванук Кимди утту. Чейрек финалда ливандык Доминик Михаел Абу Надерге жеңилди. Ливан спортчусу финалга чыккандыктан кыргыз балбанына коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылды.

Жооткотуучу алгачкы беттеште Гамидгаджиев таиланддык Чиранват Чамнанжанды 2:0 эсебинде утту. Бирок коло байге үчүн казакстандык Адилет Давлимбаев менен таймашта жеңилди.

18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости