www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш сапарынын алкагындагы жыйынга киргизилбей, айып пул салынган жашоочуларга байланышкан маселени жергиликтүү бийлик карады. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, Ноокен райондук мамлекеттик администрациянын башчысы — аким, Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы жана аксакалдар Сакалды айылынын тургундары Б.Ибрагимова, Ж.Мусаева жана М.Абдимиталипова менен жолугушкан. Анын алкагында талкуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү деп билдирет Турмуш.

Жергиликтүү бийликтин билдирүүсүндө: «14-август күнү аталган жарандарга айыл өкмөт тарабынан даярдалган тизмеге кирбегени жана ал жерде орун чектелүү экени райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан айтылган. Ошого карабастан жолугушууга барышканы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, түшүнбөстүктөр чечилди», - деп айтылат.
Реклама

15-август күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад дубанына жасаган иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарында облус эли менен жолугушкан. Жолугушууга 5 аял тизмеде жок болгондуктан киргизилген эмес. Мамлекет башчыга жолдогон кайрылууга жооп алуу ниетинде барган 5 аял кире албаганы үчүн кайтып келе жатышканда милиция кызматкерлери кармап, 5 саат бою милиция бөлүмүндө отуруп, алардын ичинен үчөө жоопкерчиликке тартылган. Мындай маалыматты алардын бири Бурулкан Ибрагимова билдирген болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости