www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылды 28-июнунда кабыл алынган.
Кабыл алынган Кодекстин максаты Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрүн жүргүзүү, жыйноо жана контролдоо боюнча мамилелерди жөнгө салуучу бирдиктүү мыйзам актыларын түзүү, ошондой эле, салыктык эмес кирешелердин толук тизмесин, аларды жүргүзүүнүн жана Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн бир түрдүү эрежесин бекитүү болуп саналат.
Кодекс салыктык эмес кирешелерди алуу маселелерин жөнгө салуучу мурдагы ченемдик укуктук актылардын бардыгын алмаштырат. Ошондой эле, бул Кодекс жүргүзүү, контролдоо жана төлөө тартибин кошкондо, салыктык эмес кирешелерди тескөө маселелерин жөнгө салат.
Кодекс Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүчү бардык салыктык эмес кирешелердин тизмесин камтыйт жана аларды башка ченемдик укуктук актылар менен киргизүүгө тыюу салат. 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости