www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүнө коронавирус илдети тарап, андан биздин өлкө да жабыр тартып келет. Жугуштуу оорунун алдын алуу багытында Жалал-Абад областында милиция тарабынан бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылып келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Чаткал РИИБдин кызматкерлери район аймагындагы дүкөндөрдө, коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Милиция кызматкерлери жарандарды чыныгы тастыкталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырышууда. Ооруну жугузуп алуудан алыс болуп, тиешелүү кызматтар тарабынан айтылып жаткан бардык талаптарды так сактоо керектиги эскертилүүдө. Автоунаа айдоочуларына жүргүнчү менен кол алышып учурашпоо, күн сайын машинаны дезинфекциядан өткөрүү зарылдыгы жеткирилди. Ошону менен катар коомдук жайларда бет кабы жок жүргөндөргө бет кап таратылып, санитардык талаптарды, жеке гигиенаны сактоого чакырышууда.

Ал эми Кара-Көл ШИИБдин жана тиешелүү кызматтардын кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы коомдук жайлар, банктар, калкты тейлөө борборлору текшерүүгө алынды. Алар жарандарды өз саламаттыгына кам көрүп, аралыкты сактоого чакырышты. Ошондой эле оорунун алдын алууга багытталган медициналык каражаттарды жанына алып жүрүүгө үндөштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости