www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы жазып чыкты.

Анализдердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости