www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткалда кендеги кырсыктан бир адам мүрт кетти

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен казылып жаткан аймакта таш кулап бир адам мүрт кетип, бирөө жаракат алды. Чаткалдагы кырсыкты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Окуя 17-сентябрь түнү кен казган «Кичи-Чаарат» компаниясынын шторнигинин биринде таш кулап, Ысык-Көл облусунун бир тургуну каза болгон. Ал эми экинчиси, Токтогул районунун тургуну ооруканага жеткирилген.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 258-беренеси («Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости