www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери Мирлан Бакиров коомчулукка кайрылуу жолдоду. 

Урматтуу ФБ колдонуучулар! 

18-сентябрь күнү саат 17-00 дө Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында жүздөгөн шайлоочулар менен жылуу маанайда жолугушуу болуп өттү. Кээ бир маалымат булактары аталган жолугушууга башка саясий партиянын атынан чакыруу болгон деген карандайкалп ушак маалыматтарды таратып жатат. У. Черчилль: «Чындык шымын кийгенче, жалган дүйнөнү кезип чыгат» деп айткандай, ушакка ишенгендер дагы болбой койгон жок. 

Маалымат үчүн: Биринчиден, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы жер-жерлерде шайлоочуларды топтоо үчүн, башка партиянын атына муктаж эмес. Экинчиден, мыйзам боюнча, жолугушууларды партиянын үгүтчүлөрүнүн жардамы менен жергиликтүү бийлик уюштурат. Үчүнчүдөн, ошол жолугушууга катышкан 92 жаштагы аксакал баш болуп, жүздөгөн шайлоочулар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жолугушуусуна келгендигине жергиликтүү калк өкүлдөрүнүн берген суроо жана сунуштары далил  болуп  турат. 

Партиянын төрагасы катары, азыркы өзгөчө кырдаалга ылайык, жолугушууга келүүчүлөргө чектөө коюуга аргасыз болдум. Ошого карабастан жүздөгөн шайлоочулар жолугушууга кызыгуу менен келип жатышты, мен алардын бардыгына терең ыраазычылык билдирем!

Буйруса жолугушуулар дагы уланат, биз «Атың чыкпаса жер өрттө» деген принциптен алыспыз. Атайын ушак тараткандарга айтаарым: шайлоо өнөктүгү аяктап баратат, андыктан калыс пикир жаратып, партиялардын программаларынын, идеяларынын ортосунда таймаш болуусуна шарт түзүңүздөр. УШАКТЫН ӨМҮРҮ КЫСКА!!!!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости