www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Калың карга байланыштуу Чаткал районунун аймагында II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-февралдан тарта жаап жаткан кардын кесепетинен Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунда кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган.
Учурда жолдорду кардан тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо иштери улантылууда.
Райондогу билим берүү мекемелери онлайн окутууга өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, айрым айылдарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, учурда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Абалды президенттин өкүлү Тилек Текебаев көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.