www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында АШАчылар Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовду коргоо боюнча комитет түзүшкөндүгүн, азырынча пикет, митингдерге чыгышпай тургандыгын “бирок, эгерде адилетсиз чечим болсо, чечкиндүү катуу чараларга барышарын” билдиришти.
Алардын ойлору боюнча, “адилеттүү” деген А.Ибраимовду сүттөн ак деп жарыялап бошотуу, “адилетсиздик” деген күнөөлөрүнө жараша эркинен ажыратуу экендиги түшүнүктүү. Ал эми азыркы ага коюлуп жаткан күнөөлөрдүн бир беренеси эле толук аныкталып, сотко жеткирилсе, экс-мэр эң кеминде 5-6 жылга темир тордун ар жагына жөнөтүлгөнү турат.
Демек, тийиштүү органдар азыртадан АШАчылардын “чечкиндүү катуу чараларына” даярдана берүүлөрү зарыл. “Чечкиндүү катуу чараларда” айрым ары жок серепчилер айтып жатышкандай, аймактык факторлор роль деле ойнобойт, ал акчалардын таркатылышына гана жараша болот. Ыраматылык Салижан Жигитов айткандай, “алардын акчасы көп, акча берсе, эл-жерди өрттөп ийгенден кайра тартпаган алабармандар” да жетишерлик.
Азыркы бийликтегилерди экс-мэрди кармоо учурунда анын жан сакчылары аябагандай катуу каршылык көрсөтүшүп, бир нечеси жаракат алгандыгы терең ойлондуруусу зарыл. Экс-мэрдин кожоюну үйрөткөн акыл боюнча гана каршылык кылганы, башкы капчыгынан (мүмкүн, бизнестик өнөктөшүнөн, байлыктагы подставное лицосунан) айрылгандыгынын күйүтүнөн улам анын адекваттуу эмес чараларга демилгечи, каржылоочу болушу мүмкүн экендиги кимге деле болбосун түшүнүктүү болуп турат.
Булак: NazarNews.kg