www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-агуста кыргыз элинин сыймыктуу мурдагы президенти Курманбек Бакиев 69 жашка чыкты. Курманбек Бакиев, Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Масадан айылында Сали Бакиевдин үй бүлөсүндө төрөлүп, жети бир тууган эркектердин эң улуусу.

Төмөндө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өзүнүн калемине таандык өмүр баянын окурмандарга сунуштайбыз.

"Колхоз башкармасы болуп иштеген атам таң заардан кеч күүгүмгө чейин иш менен талаада жүрө турган. Биздин апабыз Тотукан чырайлуу, өңү-түсү ажарлуу, башкаларга тик жана түз карагаң аял эле. Абдан мээримдүү эне жана күйөөсүн терең сыйлаган аял катары апам биздин чоң үй-бүлөнүн бүт түйшүгүн өз моюнуна илип, эч кандай кыйынчылыктарга моюн берчү эмес. Күйөөсү жана уулдары менен сыймыктанчу. Биз баарыбыз тең ата-энелерибиздин алдында карыздар-милдеттүүбүз, муну мен азыркы кезде абдан ачык сезип жүрөмүн.

Жетилген курагым, башка көп теңтуштарым сыяктуу эле, кызыктуу жана келечекте керектүү адистикти тандап алып, билим алуудан башталды. Куйбышевдеги политехникалык институтту бүтүрүп, советтик армиянын катарында кызмат кылган соң, 1979-жылы орус улутуңдагы кызга үйлөнүп, аны Жалал-Абадга алып келдим. Мен 1985-жылга чейин иштеген штепсель разъемдорун чыгаруучу завод ал кезде СССРдин электрондук өнөр-жай министрлигине карай турган. Ал учурду мен өзгөчө ырахатануу менен эскеремин. Жаш элем, күчкө толуп-ташып турган учурум, алган билимим жаңы бойдон, башка көптөгөн идеялар келет. Алгач ага инженер болуп иштеп баштадым, андан соң жаңы гана түзүлгөн эсептөө борборунун начальниги болуп калдым. Менин чакан коллективим республиканын түштүгүндө биринчилерден болуп өндүрүштөгү автоматташтырылган башкаруу системасын киргизди. Бул чынында эле алга озуу эле. Эсептөөчү машиналардын кубаттуулугу жана сапаты эң мыкты дегенден али алыс болсо да, биз бул жаны багыттын келечеги абдан кең экенин дароо сезгенбиз.

Андан ары да менин кызматтык карьерам кыйла эле ийгиликтүү улана баштады, бирок, азыркы кезде көп учурагандай, тааныштык байланыштардан улам эмес, кандайдыр бир табигый жол менен, алган билимиме, иштөө жөндөмүмө жана эсептөө борборунун бөлүмүнүн начальниги кезимде, андан  кийин заводдун башкы инженери катары алган тажрыйбама жараша өзүнөн-өзү эле улангансып жүрүп олтурду. 1985-жылы мсни ошол кезде көндүм сыяктуу айтылгандай, артта калган өндүрүшкө «ташташты» - мен Көк-Жаңгак шаарындагы «Профиль» заводунун директору болуп дайын далдым. Ал мурунку ишкана сыяктуу, ошол эле «Ала-Тоо» өндүрүштүк бирикмесине кире турган. Бул дайындоо абдан оор түйшүктөрдү алып келди. Завод бир нече жылдан бери планын аткара албай калыптыр, сыйлык акы төлөө жөнүндө унутуп да калышкан. Жумушчуларга айлык акысын эптеп араң таап берип калыптыр. Бир жылдан кийин ишкана сыйлык акыларды ала баштады, ал эми дагы төрт жыл өткөн соң, заводго Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Кызыл Туусу тапшырылды, ошондой эле завод борбор шаар Фрунзедеги Ардак Тактадан орун алды.

1990-жылдын 5-майында мен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу атаандаштык (альтернативалуу) жол менен Көк-Жаңгакта компартиянын шаардык комитетинин биринчи секретары болуп шайландым, жарым жыл өткөн соң элдик депутаттардьш шаардык Кеңешинин шайлоосу өтүп, мени төрага кылып шайлашты. Ошол жылы күздө Советтер Союзунун бүт бардык аймагында көптөгөн адамдардын, анын ичинде менин да, тагдырыма таасир эткен чоң өзгөрүүлөр болуп өттү. Жалал-Абадга элдик депутаттардын областтык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп кайра барууга туура келди, Андан сон, менин ишке болгон жөндөмдүүлүгүмдү сыноо үчүн, алыскы Тогуз-Торо районуна мамлекеттик администрация башчысы кылып жиберишти. Ал жакта ишти нормалдуу калыбына келтирүү керек эле, мен аны тез эле жөнгө сала алдым. Андан кийинки тепкич -Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк Фондунун төрагасынын орун басары болуп, бирок, мен ал кызматта бар болгону үч ай гана иштедим. Андан соң өзүм туулуп-өскөн Жалал-Абадга областтык элдик депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары болуп кайра бардым. Андан кийин Жалал-Абад областынын губернатору болуп дайындалдым. Бул 1995-1997-жылдарга туш келди. Андан соң мен Чүй областына губернаторлукка которулдум да, ал жерде үч жылдан ашык - 1997-жылдан 1999-жылдарга чейин эмгектендим. 2000-жылдын декабрында  Кыргыз Республикасьшын өкмөтүн башкарып калдым, 2002-жылдын май айында Аксыдагы трагедиялуу окуяга байланыштуу мен бул кызматтан кетткем”, - деп эскерет өзүнүн өмүр баянын мурдагы президент Курманбек Бакиев.

Белгилей кетсек, Курманбек Бакиев Жалал-Абад областынын Сузак районунун Масадан (Тейит) айылында туулган.

1966-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Куйбышевдеги Политехникалык институтунун автоматика жана өлчөө техникасы бөлүмүнө кирген,

1970-жылы Куйбышевдеги Масленников атындагы заводдо жумушчу болуп иштеп эмгек жолун баштаган.

1974-1976-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн, 1976-1979-жылдары ошол эле заводдо инженер-электромеханик болуп кызмат кылган,

1979-жылдары баштап Жалал-Абад шаарындагы “ШР” заводунда инженер жана башкы инженердин орун басары,

1985-жылы Көк-Жаңгак шаарындагы “Профиль” заводунун директору,

1990-жылы Кыргызстан КП Көк-Жаңгак шаардык комитетинин биринчи катчысы, Эл депутаттарынын шаардык кеңешинин төрагасы,

1991-жылы Жалал-Абад областтык кеңешинин төрагасынын орун басары,

1992-жылы Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын акими болуп эмгектенген.

1994-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орун басары, Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары,

1990-1991-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,

1995-1997-жылдары Жалал-Абад жана Чүй областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору,

2000-2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри,

2002-2005-жылдары №15-Ала-Бука шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына шайланган,

2005-жылдын 14-августунда жалпы элдик шайлоодо 88,72%дан ашык добуш менен К.Бакиев президенттикке шайланып, мамлекет башчысынын ыйгарымдарын аткарууга расмий түрдө киришкен.

2009-жылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев шайлоочулардын 85,48% добушу менен экинчи жолу президент болуп шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости