www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара: Чоң-Алайдагы айылдардын тургундары эвакуация болууда

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Жекенди айыл өкмөтүнүн тургундары райондун борбору Дароот-Коргонго жана башка айыл өкмөттөргө эвакуация болууда. Бул тууралуу Ош облустук администрациясы билдирди.

Маалыматта саат 19:30га карата Чоң-Алай райондук администрациясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жергиликтүү тургундарды коопсуз аймакка көчүрүп жатканы айтылат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эвакуацияны уюштуруу иштерин жеке көзөмөлүнө алууда. Тургундар мектепке, кесиптик лицейдин имаратына жана мечитке жайгаштырылууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ош блусунун башчысынын тапшырмасы менен аймакта гуманитардык жардам уюштуруу иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн тургундарынын айтуусунда, айыл өкмөтү, милициянын аймактык тескөөчүсү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элди 25 км алыс аймакка чыга турууну суранып, кары-картаңдар, аялдар жана балдар айылдан чыгып кетип жатышат.

Чек арадагы айылдарда эркектер калып жатканы кабарланууда.

Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Кара-Мык, Чулук, Шибе айылдары.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Чек ара кызматы тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайтканын билдирди.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 4-июнда Чоң-Алай районуна чукул учуп барды. Ал жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен Чоң-Алайда жолугарын айткан.

Өкмөттүк ЭлТР телеканалы Чоң-Алай аймагынан берген видео репортажында маселе чечилбеген бойдон калганын маалымдады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалууга байланыштуу 4-июнда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчилерди чакырып, бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырды.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин маалымдады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Талаштуу аймактардын 13,6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туш келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалуу соңку эки айдан бери күчөп кетти. Буга эки өлкөнүн чек арасындагы 28-30-апрелдеги жана 1-майда болгон жаңжал себеп болду. Анда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган.

Булак:  NazarNews.kg                                                                                                                                             

Последние новости