www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун кортежи Ысык-Көл облусунда жол кырсына учурады. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери жана күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 4-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кортежинин унааларынын бири Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылынын жанында жол кырсыгына кабылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекет башчысы Жапаров жана ал отурган унаа жабыркаган эмес. Кортеж унааларынын бири жана жүргүнчү ташуучу унаа кырсыктын катышуучусу болуп калды. Экинчи унаада курман болгондор бар экендигин айтышты.

Укук коргоо органдарындагы булактардан белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти отурган унаа кетип калган. Учурда унаа жолу толугу менен милиция кызматкерлери тарабынан тосулуп турат. Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости