www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда оппозициянын шайлоого катышуусу чектелди

Орусиянын президенти Владимир Путин бийлик "экстремисттик" деп тааныган уюмдардын мүчөлөрүнө жана тарапташтарына шайлоого катышууга тыюу салган мыйзамга кол койду.

Маалымат каражаттары аны камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын "Коррупция менен күрөшүү фондуна" каршы кабыл алынган мыйзам деп аташууда.

Аталган фонд дагы "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизилген. 4-июнда жактырылган мыйзам орусиялык соттор "экстремисттик" же "террористтик" деп тапкан уюмдардын лидерлерине же түптөөчүлөрүнө мамлекеттик кызматтарга шайлоого катышууга беш жылга тыюу салат. Мындай уюмдардын башка мүчөлөрүнө үч жылга шайлоого катышууга болбойт.

Бийлик сентябрда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында оппозицияга басымды күчөттү. Жакында эле өткөрүлгөн сурамжылоолор бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясын колдогондордун саны буга чейин болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлде көрсөткөн.

Путин мыйзамга Навальныйдын туулган күнүндө кол койду. 45 жашка толгон оппозициячыл саясатчы учурда укук коргоочулар саясий мүдөө менен тагылган кылмыш ишине байланыштуу абакта жазасын өтөп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости