www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдайды дестабилдештирүү аракетине жол берилбеши керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн чек арачыларына карата биринчи ок чыгарган Тажикстандын аскер кызматкерлеринин кылган иш-аракетине караганда, акыркы учурларда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде дайыма жагдайды курчутуп туруу тактикасын карманып турган тажик тарапка "жасалма дестабилдештирүү" пайдалуу болуп турат.

Алсак, 23-майдан баштап Тажикстан Республикасынын "Ворух" анклавынын тургундары Кыргыз өлкөсүнүн аймагында - Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок жергесинин аймагында ири мүйүздүү малды жаюу аракетин тынымсыз көрүп келишет. Ошентип Тажикстандын УКМК менен Чек ара аскерлери эки сутка бою Кыргыз өлкөсүнүн аймагында малдын мыйзамсыз жайылып жүргөнүнө байкоо жүргүзүшкөн жана "Ворух" анклавынын тиешелүү тургундарына карата эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Жыйынтыгында Кыргыз тараптын мыйзамдуу талабына Тажикстандын аскер кызматчылары Кыргыз өлкөсүнүн чек арачыларына карата ок чыгарышкан.

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы бул чыр-чатак боюнча Тажикстандын УКМК жана Чек ара кызматынын пресс-борборунун, ЖМКларда жарыяланган билдирүүсүн таңдануу менен кабыл алды. Мындай импульсивдүү билдирүүлөр Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыр-чатактардын күчөшүнө кызыкдар болгон деструктивдүү күчтөрдүн чагымчылдык кылышына алып келээрин тажик тарап түшүнүшү керек.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тажик кесиптештерин бирдиктүү чек арада орун алган көйгөйлүү маселелерди жакшы санаалаш коңшулук мамилелерди сактоо, эл аралык укук жана буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишкен чечимдерге ылайык сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 24-майда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыргыз-Тажик чек арасындагы Мойнок деген жайлоодо ок атышуу болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости