www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Кымбаттуу момун мусулмандар!

Баарыңыздарды Орозо Айт майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Эгемендүү өлкөбүздөгү жалпы мусулмандар бир ай бою орозо кармады, Жаратканга жалбарып, жалпы журтубузга жакшылык каалады.

Ыйык Орозо айында дилибизди тазаладык, жан дүйнөбүздү жаӊырттык.

Элибизге бекем ыйман, адал эмгек менен жашоону, улуттар арасындагы сый-урматты, биримдикти  тиледик.

Коом ичинде мээримдүүлүк жана сабырдуулук, достук жана бир туугандык сезимдер чыңдалды, кайрымдуулук иштери жасалды.

Жараткан Кудайым Өзү кармаган орозобузду кабыл кылсын!

Аруу тилектерибиз ишке ашсын, көздөгөн максаттарыбызга  жетели!

Урматтуу мекендештерим!

Быйылкы Орозо күндөрүн азыркы мезгилдеги дүйнөлүк апааттан — коронавирус илдетинен сактануу шарттарында өткөрдүк.

Элибиздин ден-соолугун, өмүрүн сактоо үчүн  илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында зарыл болгон медициналык талаптарды аткарып, катуу тартипти кармадык.

Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген, мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем.

Элибиздин ден-соолугу, саламаттыгы үчүн тыным көрбөй аракеттенип жаткан медицина кызматкерлеринин эмгегин жогору баалайбыз.

Коомдук тартипти, коопсуздукту күнү-түнү камсыз кылган укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин ишин өзгөчө баса белгилейм.

Бул ишке ыктыярдуу катышкан баардык мекендештериме элибиздин атынан рахмат айтам.

Чогуу кылган аракетибиздин акыбети кайтып, кырдаал көзөмөлдө кармалды.

Ооруну жуктуруп алгандардын көпчүлүгү сакайып чыгышууда.

Азыр ишкердикке, күнүмдүк тиричиликке болгон чектөөлөр жумшарды.

Экономиканын бардык тармактары жанданып, күндөлүк турмуштагы карым-катнаш калыбына келе баштады.

Бирок, дүйнөдөгү абалды көрүп жатабыз. Кырдаал кайсы күнү болбосун өзгөрүп кетиши толук ыктымал.

Ошондуктан, урматтуу калайык журтум, мындан  ары да калк саламаттыгынын коопсуздугу үчүн илдеттен коргонуу чараларын күчөтүлгөн режимде улантышыбыз керек.

Биримдик менен жеткен натыйжабызды текке кетирбей, оорунун мындан ары тарашына бөгөт коюу — негизги максатыбыз. 

Буга чейин мамлекеттик органдар тарабынан чектөөлөр киргизилип, көзөмөл катуу болду.

Эми жеке ар бирибиздин жоопкерчилигибиз күчөдү.

Ушуну баарыбыз толук түшүнүшүбүз зарыл.

Ар бир ата-эне балдарынын ден-соолугуна, жүрүм-турумуна көз салып, илдет менен күрөшүүдө өздөрү үлгү көрсөтүшү керек.

Бир адамдын кенебестиги жүздөгөн адамга залакасын тийгизет.

Ошондуктан, сиздерди коомдун саламаттыгына кайдыгер карабай, кырдаалга бийик   жоопкерчилик менен  мамиле кылууга чакырам.

Медициналык талаптарды бузбай, жеке тартипти сактоону күнүмдүк адатка айлантууга тийишпиз. 

Ошондо гана илдетти жеңебиз.  

Ал эми жергиликтүү бийлик, Өкмөт илдеттин таркап кетишин алдын алууга багытталган иш аракеттерин мындан ары да улантат.

Урматтуу мекендештерим!

Буйруса, Кудайдын колдоосу менен, жалпы дүйнө коомчулугу туш болгон бул татаал сыноодон татыктуу чыгабыз.

Бул күрөштө негизги таянычыбыз — биримдик жана тартип.

Ар бир мекендешиме бекем ден-соолук, бак-таалай, ийгилик каалайм.

Орозо күндөрү ниет кылган аруу тилектерибиз кабыл болсун!

Жараткан Кудайым Өзү колдоп, ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде  тынчтык болсун!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости