www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экономика боюнча эксперт Гүлжигит Исаковду кепке тартып, саясаттагы, экономикабыздагы айрым жагдайлар боюнча пикир алыштык. 

--Гүлжигит мырза, ишкерлер эки жыл текшерүү болбосо эле иштери илгерилеп кетеби?

--Туура багыт берилсе, стимулдарды туура жарыяласа, бул кыйынчылыкты туура пайдаланып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Эскирген үйдү бузуп, жаңысын салсамбы же салбасамбы деген эки анжы болуп турган учурда кырсык келип, үйдү бузуп кетти. Эми мында наалыбай, мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып кетүү зарыл. Салыктан бошотулгандарга 100% ачыкка чыгуу шарты коюлушу керек. Бул кадам орто жана узун мөөнөттө үзүрүн берет.

--Араң турган экономикабызды коронавирус менен кошо келген апааттан кыйратып алдык. Эми аны канча убакытта, кандай жолдор менен эпке келтирсе болот?

--Улуттук активдерибизди инвентаризациялап чыккандан кийин аларды үч топко бөлүшүбүз зарыл. Биринчи топко юридикалык жактан таза болгон, коррупционерлердин колу тийе элек активдерди кошобуз. Экинчи топко юридикалык жактан мамлекетибизге оор кырдаалды жаратышы мүмкүн деп болжонгон активдерди кошсок болот.

Үчүнчү топко "мүмкүнчүлүктөрдү өткөрүп жибердик, үмүт жок" деген активдерибизди топтошубуз зарыл. Бир концепция менен, компетенттүү менеджментти дайындаса биз эңсеген жыйынтыкка жетсек болот. Үчөөнө үч башка тактика колдонуп, жалпы стратегия менен иш алып баруу керек. Туура саясат жүргүзүп, жакшы фундамент түзүп алсак, 5 жылда такыр башка өлкөгө айлансак болот. Анын белгилерин 1-2 жылда көрсөк болот. 

--Иштин көзүн таба албаган өкмөт деп сындайбыз. Эгер өкмөт чындап эле начар иштесе, эмнеге депутаттар  сындап туруп, кайра иши канааттандыралык деп добуш беришет?

--Сурооңузду уккандан кийин "Чөнтөк парламент", "кол бала парламент", "гайкасы оңой буралган парламент", "калбыры барлар, эрки жоктор топтолгон институт" сыяктуу түшүнүктөр ойго келе түштү негедир...“Театрды” талкуулоонун кереги деле жок. Булар элге "Камасутранын" бардык ыкмаларын колдонуп бүтүштү. Кайталана башташты. Адаттагыдан сырткары, жаңы ыкмаларды ойлоп табышына жана элге каршы колдонушуна жол бербешибиз зарыл. Көздү чоң ачып, аң-сезимди ойготуп, кел-келди келтирбесек болбой калды.

--Салык кызматынан справка алып келбесең, ишке чыкпайсың, маска тагынбасаң айып пул салабыз деген саясат элдин нааразычылыгын ого бетер күч алдырып койбойбу? 

--Галстук тагып, ак көйнөк кийип, чачтарын сонун тарап, унчукпай, момун болуп отурушса сырттан билинбейт экен... Качан сүйлөй баштаганда же текстти окуй баштаганда, мыйзамдарды кабыл ала баштаганда булардын чыныгы жүзү ачылып калат тура. Эл ушундай көрүнүштөрдү адаттагыдай кабыл ала баштайбы деген чочулоом бар. "Акыр заманда аяк баш болор, баш аяк болор" деген акыйкатты көрүп жатат окшойбуз. Кыямат кайыңга чейин дагы заман бир оңолот, анан кайра эски жолуна түшөт деген маалыматка таянып, үмүтүбүздү үзбөшүбүз керек. Элдин кыжырын келтирген саясат мамлекеттүүлүгүбүздү алсыздатканы үчүн андан абайлашыбыз керек.

--Эл пенсия алар, албасы белгисиз болуп жатканда парламент тарашы керекпи же мөөнөтү бүткөнчө иштеши керекпи? 

--Бюджетти секвестирлөөгө баруу зарыл. Ашыкча чыгымдарды кыскартууга барбасак болбойт. Бюджет кабыл алынып жаткандагы абал менен учурдагы абал башка, демек, бир сыйра көз жүгүртүп, учурга ыңгайлаштырууга барып, ысырапкерчиликтен, кайталанган функциялардын арылышыбыз зарыл. Эми парламенттин бары-жогу деле билинбей калды. Эл көзүнө гана кыйкырымыш болгон, жогорудагы көрсөтмөлөрдү тастыктоочу гана институтка айланды. Жогорку Кеңеш бир институт болгондон бери мындай кордукту көрө элек болчу. Бары-жогу билинбеген парламенттин кете бергени оң болот го.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости