www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалдан 15 жаран жаракат алганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чыр-чатактан Айдаркендеги ооруканага түшкөн эки адамдын абалы оор.

“Жалпы 15 киши жеткирилип, төртөө ооруканада калып, калганына амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми төрт кишинин ичинен экөөнүн абалы оор, экөөнүн абалы канааттандырарлык”,- деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости