www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 28-майында УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош областында, коңшу өлкөдө укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн, «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) активдүү мүчөсү, 1971-жылы туулган М.И. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Такталган боюнча. М.И. «Хизбут-Тахрир» ДЭУ эл аралык медиа борборунун активдүү мүчөсү болгон жана Борбор-Азия аймагына экстремисттик материалдарды жайылтууга жоопту болгон.

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, уюлдук телефондор жана сим-карталар табылып алынды.

Бул материалдар сотко чейинки өндүрүштүн негизинде КР Кылмыш- жаза кодексинин 303-беренесинин 2-б, 2-п (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.  Азыркы убакта кармалган адамды мындан нары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн, белгиленген тартипте шериктеш компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү боюнча маселеси каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости