www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26-сентябрь саат 21:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.
Ошондой эле КР УКМКнын Чек ара кызматы Ozodi.org сайтында жарыяланган «Кыргызстандын аскер кызматкерлери тарабынан минометтун жарылышынын натыйжасында жергиликтүү тургун жарадар болду» деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет.
"Кыргыз тарап Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча эл аралык келишимдер менен да, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын делегацияларынын жолугушуусунун №42 протоколу менен бекитилген эки тараптуу макулдашууларды так сактайт.
КР УКМКнын Чек ара кызматы Тажик Республикасынын компетенттүү жана укук коргоо органдарынын көңүлүн жалпыга маалымдоо каражаттарында биргелешип кайтарылган чек арада улуттар аралык жаңжалды жана провокацияларды козутууга өбөлгө түзгөн атайылап жалган маалыматтарды таркаткандарга бурат.
Ozodi.org сайтында жарыяланган маалыматты Тажикстандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлдөрү жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү тастыктаган жок деп белгилейбиз.
Маалым болгондой, тажик жараны чек арага жакын жерде тажик аскер кызматкерлери орноткон жарылуучу заттарга жарылып каза болгон", - деп айтылат маалыматта.
КР УКМКнын Чек ара кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарын мындай жалган жана негизсиз билдирүүлөр менен коомчулукту жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынын тургундарын адаштырбоого чакырат.
Булак: NazarNews.kg