www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Казакстан Россияда калган кыргызстандыктар үчүн  бүгүн, 30-апрелде чек араны ачат" деген маалымат жалган. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактар менен мессенджерлерге "Казакстан Россияда калган кыргызстандыктар үчүн эртең чек араны ачат" деген маалымат тарап кеткен.

Элчилик мындай маалымат туура эместигин айтып, элдин башын айланткан кабарларга ишенбөөгө чакырды.

Эске сала кетсек, кечээ, 29-апрелде ТИМдин орун басары Нуран Ниязалиев Оренбург шаарындагы Соль-Илецк аймагында Кыргызстанга өтө албай калган жарандарды алып келүү боюнча КРдин Казакстандагы элчиси сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын айткан.  Россиянын Оренбург облусу Казакстан менен чектешкендиктен, аталган мамлекеттен транзит менен өтүү варианты бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости