www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Tribeca Film Festival Нью-Йорк кинофестивалы YouTube менен бирге We Are One: A Global Film Festival ("Биз биргебиз: глобалдык кинофестиваль") аталышындагы онлайн фестиваль өткөрөт. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

29-майдан 7-июнга чейин өтө турган кинофестивалга Канн, Берлин, Венеция өңдүү 20дан ашуун ири эл аралык кинофорумдар катышат.

Күйөрмандар ар түрдүү жанрдагы: даректүү, анимациалык, көркөм жана музыкалык фильмдерди бекер көрө алышат. Алардын баары фестивалдын YouTube-каналында тартууланат.

Фильмдерди көрүү учурунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна же коронавирус пандемиясы учурунда медициналык кызматкерлерге жардам берип иштеп жаткан жергиликтүү уюмдарга каржылай колдоо көрсөтүүгө болот.

Ошол эле маалда уюштуруучулар санариптик формат кинофестивалдын ордун толугу менен ээлей албасын билдиришип, салттуу салтанаттарды пандемия бүткөн соң уюштурууга ниеттенишүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости