www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында ушул тапта ондогон активисттер Баткендеги чек ара маселесине байланыштуу митинг өткөрүп жатат. Алар кыргыз өкмөтүн жаңжал чыккан жерге барып, кырдаалды жөнгө салышын талап кылышууда. 

Кечээ, 28-апрель күнү Баткен районунун Ак-Сай айылында чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кайрадан чыр чыгып, таш ыргытуулар менен коштолду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам жараат алган төрт адамдын үчөө ооруканада жатат. Мекеменин маалыматына караганда, бейтаптардын абалы орточо, туруктуу.

Жараат алгандардын үчөөнө таш, бирөөнө ок тийген. Таш тийген эки адам Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген адам Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости