www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара жаңжалында жабыркагандарга жөлөк пул берилет

Министрлер кабинети 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондордун жакындарына жана жаракат алгандарга ай сайын жөлөк пул берүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жаңжалда курман болгондордун 18 жашка чейинки балдарына жана жалгыз баласы каза болгон ата энелерге ай сайын 3700 сомдон жөлөк пул берилет. Ошондой эле, чек арадагы жаңжалдан алган жаракатынан улам майыптуулук берилиши мүмкүн болгон жарандарга да ай сайын жөлөк пул берүү каралган.

Министрлер кабинети даярдаган мыйзам долбоорунда мындай жөлөк пулду 75 киши алары көрсөтүлгөн жана жыл сайын бюджеттен 3 миллион 330 миң сом каралып турары жазылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости