www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге ыраазычылыгын билдирди.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, Келдибек Матисаев 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү болуп өткөн коогалаңда чек ара айылдарынан эвакуация болгон жарандарга жардам колун сунган адам.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз кезегинде Келдибек Матисаевге кыйын кырдаалда жабыркаган үй-бүлөлөргө патриоттук сезимде кол сунуп, өлкөнүн бүтүндүгү , элибиздин келечеги үчүн кошкон салымы жана өз учурунда материалдык, моралдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындан сырткары оор кырдаалда колдоо көрсөтүп, жабыркаган үй бүлөлөргө жардам берген ар бир кыргызстандыкка Баткен элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, колундагы баласы менен «үй бар» деген жазуу бар кагаз кармап, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга тилектештик билдирип чыккан Келдибек Матисаев социалдык тармактын колдонуучуларынын алкышына татыган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости