www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан каза болгон офицердин сөөгү Бишкекке жеткирилип, Ат-Башыга жөнөтүлдү. Бул тууралуу маркумдун досу билдирди.

Анын айтымында, көз жумган аскер Эсентур Кубанычбек уулу Ат-Башынын Ак-Муз айылында туулган.

"Ал Нарын районундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары болчу. Эсентур Нарындан Баткен облусуна эки апта мурда кызмат өтөөгө кеткен. Каза болгонун түндө уктук", - деди ал.

Эсентур Кубанычбек уулу Россиядан чек ара кызматы боюнча жогорку аскердик окуу жайын бүтүрүп келгени маалым болду.

"Эсентур ата-энеси жок болгондуктан туугандарынын колунда өскөн. 8-класска чейин Ак-Муз айылындагы Боогачы орто мектебинде билим алып, андан кийин Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүргөн. Кийин Россияда 5 жыл чек ара адистиги боюнча билимин жогорулаткан. Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын аскер тобунда иштеп келген", - деди досу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости