www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын үч аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, каза болгондордон сырткары 20 жоокер жаракат алган. Эки аскер кызматкеринин абалы оор деп бааланууда.

Ички курам маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

УКМК 29-апрелде Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын чек ара заставаларын жана чек ара постторун көздөй ок чыгарганын белгиледи. Мындан сырткары, тажик тарап «Ми-24» үлгүсүндөгү тик учактар менен Баткен районундагы Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө айылдарын аткылаганын эскертти.

Ал эми жаңжалдан аскер кызматкерлерин кошкондо жалпы жонунан 13 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости