www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Суваналиев: «Атышпоо келишими бир жолу бузулду»

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тилкесинде ок атууну токтотуу тууралуу келишим кабыл алгандан кийин ортодо бир атышуу болду. Бул тууралуу 30-апрелде саат 11де өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди:

«Кызыл-Белдеги бажы бекетинин жанында 20 мүнөт мурда атышуу болуп кетти. Бирок дароо токтоду. Бул ок атууну токтотуу тууралуу келишимге кол койгондон кийин биринчи факт болду», - деди Суваналиев.

30-апрелге оогон түнү Суваналиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен биргелешкен документке кол коюп, кагылышты токтотууну, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүүнү макулдашкан.

Эске салсак, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, тажик ЖМКлары 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости