www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул туурадуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта Кыргыз-Тажик Мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш участкасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар тарабынан болжол менен мергенчилик куралдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин көздөй ок чыгарышкан. Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкери жаракат алган.

"Ок колун тешип өткөн жана ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Аскер кызматкердин абалы туруктуу деп бааланууда. Азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнүн Баткен багыты жана Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат. Азыркы тапта абал туруктуу ", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости