www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту депутат Кубанычбек Жумалиевдин "Чоң казат" кыймылынын өкүлү Сыймык Жапикеевге карата доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, сот активисттен 10 миң сом өндүрүп алуу чечимин чыгарган.

Эске сала кетсек, мурдагы прокурор Сыймык Жапекеев социалдык тармактарга видео-билдирүү жарыялап, анда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы 2,5 миллиард долларга бааланган жана ал күмөндүү жолдор менен иштеп тапкан деп айткан. Ошондой эле, ал башка саясатчыларды алардын мүлкүн кандайча алуу мыйзамдуулугун текшерип көрүүгө үндөгөн видео-билдирүүлөрүн чыгарган.

Кубанычбек Жумалиев бул айыптоолорду четке кагып, шектүү иштерге катыштыгым жок деп Куран кармап, ант берген. Ал экс-прокурорго доо арыз менен кайрылган - доо суммасы 10 миллион сомду түзгөн.

Ошондой эле сот Сыймык Жапыкеевге өзүнүн Фейсбук баракчасында төгүдөө жарыялоону буйрук кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости