www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргондогу сел суулары 10 үйдүн короосуна кирип, электр мамычасын кулатты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 5-августта саат 19:00 чамасында Базар-Коргон районунда сел жүрдү. Катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короолорун каптады жана 1 сарайдын дубалын агызып кетти. 

"Ички чарбалык унаа жолдун 1000 м, Кызыл-Алма сел өтүүчү сайынын 200 м аралыгын кум шагылга толтурган жана 1 электр мамычасын кулаткан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Тартылган күчтөрдүн аракети менен сел сууларынын нугу бурулуп, 3 турак үйдүн короолору тазаланды. 

Бүгүн, 6-августта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланат.

Сел суулары каптаган видео "Короче" телеграм каналына жүктөлдү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости