www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда тараган видеодо караокеде эс алып жаткан бир нече адамды көрүүгө болот.

Ал видеону жарыялаган колдонуучунун ырасташынча, кадрларда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тартылган, алардын бири, анын айтымында, ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Осмонбеков.

Колдонуучу белгилегендей, милиционерлер 14-17-сентябрда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда эс алып жатышкан.

Өз кезегинде ИИМдин басма сөз кызматы маалымат каражаттарына кызматтык териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости