www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 21-сентябры саат 20:00гө карата Баткен облусунун аймагында абал тынч. Ок атышуу катталган жок. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, социалдык тармактарда чек арага байланыштуу айтылып жаткан расмий эмес маалыматтар чындыкка дал келбейт.

"Андыктан, баарыңыздарды такталбаган маалыматка ишенип, дүрбөлөң салбоого чакырабыз. Саат 19:30да Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Раджоббой Ахмадзоданын күч структураларынын жетекчилери менен бирге жолугушуусу башталды", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн кошумча маалымат бериле тургандыгын айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости