www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишкер Азим Рой (Орозахун Сайдазимов) УКМКнын атайын эсебине 22 миллион 596 миң сом которду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар кабарлап, редакцияга төлөм тапшырмасын тапшырды.
Төлөм документинде демөөрчүлүк жардам "Азим Ройдон өлкөнүн улуттук коопсуздугун бекемдөө максатында" көрсөтүлгөнү айтылат.
Алуучу - УКМК. Айрым маалыматтарга караганда, ишкер кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларга байланыштуу акча которууну чечкен.
Которуу 19-сентябрда болгон.
Белгилей кетсек, жакында эле социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров Азим Ройдун жанында отурган сүрөтү жарыяланган. Кийинчерээк ишкер Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата медаль менен сыйланганы белгилүү болгон.
Ачык булактардан бизнесмен жана Кыргыз Республикасынын жараны тууралуу анын 1997-жылдан 2013-жылга чейин активдүү иштеген Швейцариянын Credit Suisse банкында эсеби бар экени белгилүү болгон. Эсептеги максималдуу сумма 11,6 миллион долларды түзөт.
Ошондой эле өз иликтөөсүндө OCCRP журналисттери Азим Ройдун “Орусия менен Борбор Азиядагы кылмыш дүйнөсүндө байланышы бар ишкер” экенин аныкташкан.
Булак: 24.kg