www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чехияда эмгектенген жана окуган кыргызстандыктар пандемияга каршы күрөшкө салым кошуу максатында 250 миң сом чогултушту. Бул каражатка Москвадан канды суюлтуучу “Клексан” дарысы сатып алынып, ыктыярчылардын “Биз барбыз” кайрымдуулук кыймылы аркылуу аймактарга бекер таратылууда. Чехиядагы активисттер медициналык муктаждыктар үчүн каражат топтоону улантып жатканын билдиришти.

Ушул тапта Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар акча чогултуп дары-дармек, медициналык жабдууларды көбүнесе Росссия, Түркия жана Кытайдан алдырып жатат.

Июнь айында өлкөдө коронавирус күчөгөндөн тартып жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентратору, пульсоксиметр, антикоагулянттар (канды суюлтуучу дары), витамин жана башка медициналык каражаттардын таңсыктыгы билинген. Буга байланыштуу Коронавируска каршы күрөшүү штабына, президент, премьер-министр баш болгон өлкө жетекчилигине кескин сын айтылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости