www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көз карандысыз журналист Айданбек Акматов премьер-министр Кубатбек Боронов “катасыз жазды” дегендерге кайрылып, билдирүү жазып чыкты.

“Боронов катасыз жазды деп кудуңдагандарга: эки сүйлөмдө Боронов эки пунктуациялык ката кетирген. Биринчиси, "Минск" деген жазуудан кийин чекит коюп, "и" деп кичине тамга менен жазып кеткен. Эреже боюнча чоң тамга менен жазып кетиш керек эле. Экинчиси, "Премьер-министр Кыргызской Республики" деп чекит койгон. Чекит коюлбай эле Боронов Кубатбек Айылчыевич деп улап кетиш керек эле..”,-деп Айданбек Акматов жазып чыкты.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов орус тилинде катасыз жазат. Анын Белорусь элине болгон каалоо-тилегин орус тилинде жазып, кол койгон сүрөтү социалдык тармактарда тараган.

Министрлер кабинетинин башчысы Беларуссиянын борбору Минскке баргандан кийин ардактуу коноктордун китебине жазуу калтырган. Ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышкан.

Кубатбек Боронов ардактуу коноктордун китебине Минскти көрүп кубанганын белгилеп, белоруссиялыктарга ийгилик жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин башчысы текстти катасыз жазганын, мындай учур сейрек кездешерин айтышкан.

Аны менен катар Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун 2019-жылдын сентябрь айында Нур-Султан шаарында (Казакстан) Евразия парламенттеринин спикерлеринин төртүнчү отурумунда сүйлөгөн сөзүн эске алышкан. Дастан Жумабеков өзүнүн жардамчыларынын бири тарабынан даярдалган текстти окуп бергени даана байкалып калган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости