www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандык студенттерди сабаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 19-июлда саат 23:00 чамаларында Аламүдүн РИИБге Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган жараны Ш.С. арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш адамдар аны себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Мындан сырткары ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. кайрылган.

Стационарда иштеп жаткан студенттердин биринин мурду сынса, бири комада жатканы жана башкалардын жаракаттары бар экени маалым болду.

«Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. менен Бишкек шаарынын жашоочулары — 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. колго түштү. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси 2-бөлүмү (бейбаштык) боюнча катталды. Учурда Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости