www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев пандемияны ооздуктоо үчүн жер-жерлерде ырааттуу иш жүргүзүлбөй жатканын видеоселектордук жыйында сынга алды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Өлкөдөгү абалга байланыштуу өткөн онлайн жолугушууда Мирзиёев алгачкы медициналык жардам берүү борборлору, башкача айтканда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору күнү-түнү иштөө режимине өтпөгөнүн белгиледи. Президент билдиргендей, Ташкент шаарындагы бейткапканаларда 50дөн 200гө чейин киши иштейт, бирок алар бейтаптарды күндүн биринчи жарымына чейин гана кабыл алып жатышат.

Ал ар бир клиникада үч дарыгерден турган мобилдүү топ иштеши керек экенин, алар COVID-19 вирусунун белгилери байкалбаган жана илдетти жеңил түрдө өткөрүп жаткан бейтаптарга кеңеш берүү зарылдыгын белгиледи. Президенттин айтымында, дээрлик бардык клиникаларда рентген бөлмөлөрү бар, бирок көбү колдонулбай турат.

"Эгер бул клиникалар калкка эффективдүү кызмат көрсөтсө, 103 тез жардам кызматына күч келбей, калк арасындагы дүрбөлөңдү жоюуга болот", - деди Мирзиёев.

Жыйында Ташкенттеги 75 бейтапканага калкка күнү-түнү кызмат көрсөтүүгө тапшырма берилди.

Расмий маалымат боюнча Өзбекстанда 16752 кишиден коронавирус табылды, анын ичинен 9279у сакайып чыккан. Ал эми коронавирус илдетинен кийин 87 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости