www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери Каныбек Досмамбетов эми саламаттыкты сактоо министрлигин жетектей турган болуп калды. Кечээ анын кандидатурасын парламенттин комитеттери жактырышты.

Кесипкөй чекисттин (советтик термин менен айтканда) ага таптакыр алыс болгон тармакка тандалып жатышы биздин коом үчүн жат нерседей болуп турат. Бирок, саламаттыкты сактоо тармагынын ишине терең көз жүгүрткөн адамга анын себептери ачык көрүнөт. 

Аларды К.Досмамбетов парламенттин Конституциялык мыйзам чыгаруу боюнча комитетинде ачык айтты. Ал белгилегендей, биринчиден - кадардык тартыштык. Саламаттыкты сактоо структурасында 88 миң штаттык бирдик каралса, иш жүзүндө бүгүнкү күндө тармакта 65 миңге жакын адам иштейт. 23 миң кадр жетишсиз. Ал проблема да түшүнүктүү – эмгек акы аз. 

Ал аз келгенсип, медициналык мекемелерде коррупция кулач жайган. К.Досмамбетов катардагы дарыгерлердин буга тиешеси жоктугун айтты. Болочок министр белгилегендей, коррупциялык схемалар башкы дарыгерлер жана жетекчилер деңгээлинде уюштурулат. 

“Бирок, биздин максат – андайларды кармап, кылмыш иштерин козгоодо эмес. Максатыбыз – реформа жүргүзүү, коррупцияны жаратып жаткан себептерди жана шарттарды четтетүү”, - деди ал. 
К.Досмамбетов медициналык мекемелердин жеткечилерин диалогго, кызматташууга жана биргелешип иштөөгө чакырды. “Сиздер мурда коррупциялык схемаларга аралашкан болсоңуздар да, ал абийириңиздерде  калсын. Бирок, бүгүн биз болочокко кадам таштоо менен коррупцияны жок кылууга тийишпиз”, - деди ал. 

Министрдин милдетин аткаруучу акырындык менен рейддерди жүргүзүп, талаптарды катуулатып жатканын да айтты. Айрым адамдар иштен кетүүгө даярдыгын билдиришкен. 

Баса, көптөгөн жетекчилер медициналык препараттарга билдирмелерди түзүүдө керексиз дарыларды, анын ичинде медициналык далилденбеген натыйжалары менен препараттарды киргизишкен. Натыйжада бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылган. Мындан ары андайларга жол берилбейт. Ал эми жаш кадарлар тармакка тартылып, аларга карьералык өсүү үчүн шарттар түзүлмөкчү.
Ошондой эле, болочок министр белгеилегендей, мындан ары, азыр болуп келгендей, эмгек жамааттарында “өз” жана “өзгө” деп бөлүү болбойт. А эң башкысы – тармактын ишинде ачыктык орнотулмакчы. Эми К,Досмамбетовдун кандидатурасы парламентте бекитилүүгө тийиш. 

Тармакка чекисттин тандалышы боюнча эң башкы себеп – коррупция экенин дагы бир жолу кайталап коелу. Экс-министрлердин эң чуулгандуусу Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин комитетинде отчет берип жатып 2023-жылы 170октябрда министрликте коррупциянын беш фактысы тастыкталганын, үч кызматкер өз арызы менен бошонушканын, эки иш укук коргоо органдарына берилгенин, төрт кайрылуу пркуратура тарабынан каралып жатканын, а бир факт боюнча кылмыш иши козголгонун айткан. Бирок, системалуу күрөш жүргүзүлбөгөнү, тармактагы коррупцияны жое албаганы  анын кызматтан кетүүсүнө себеп болгон.  

Быйыл 5-февралда дайындалган министр Эркин Чечейбаев да бул багытта иш алып бара албай, парламентарийлердин сынына кабылган. Депутаттар комитеттин отурумунда министрликтин карамагындагы «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишин катуу сынга алышкан. Онкологиялык бейтаптар үчүн өтө зарыл болгон маанилүү 60 препараттан төртөөсү гана алынганын айтышкан.  Май айында Президент Садыр Жапаров министрге сөгүш да жарыялаган. Ошого карабастан, мас абалында автоунаа айдаганы үчүн кызматтан кетип отурат.

Последние новости