www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Кубанычбек Конгантиев административдик-аймактык реформа (АТР) алкагында Бишкекке кошулган калктуу конуштардын маселелери менен гана алектенген мэриянын алдында өзүнчө башкармалыкты түзүү сунушун көтөрдү.
Анын айтымында, буга чейин Бишкектеги турак жай массивдеринин маселелери чечилип жаткан кезде ушундай түзүм түзүлүп, ага вице-мэр жооптуу болуп бекитилген. Ошондо көйгөйлөрдү толук иретке келтирүүгө алты жыл кеткен.
- Шаарга жаңы кошулган аймактарда социалдык чыңалуу өсүп жатат. Анткени күтүүлөр менен реалдуулук бири-бирине дал келген жок, - деп белгиледи Конгантиев.
Ал ошондой эле борбор калаанын бюджети үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүү зарыл экенин айтты.