www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Челябинск облусунун Златоуст шаарына жакын жерде 7-сентябрда Кыргызстандын К.Ш. аттуу жараны «Рено Логан» жеңил унаасы менен каршы тилкеге чыгып кетип, оор жүк ташуучу Volvo үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Унаанын ичинде бир үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү – ата-энеси жана алардын төрт баласы болгон. Алардын баары Кыргызстандын жарандары, деп билдирди Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги.
Жеңил унаанын айдоочусу К.Ш.нын жубайы жана балдары Ош шаарынан Уфа шаарына рейс менен келген. Ал үй-бүлөсүн Уфа аэропортунан тосуп алып, аталган унаа менен Нижневартовск (ХМАО - Югра) шаарына бара жаткан.
Кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар тез жардам кызматы менен Златоуст шаарындагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилди. 7-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө К.Ш.нын кызы З.Р.га (12 жашта) операция жасалган. Кыздын абалы оор. Калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, алар учурда жогоруда аталган оорукананын травматология бөлүмүндө.
"Бул окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө, оорукананын кызматкерлери, МАИ кызматкерлери жана жабыркаган кыргызстандыктар менен байланыш түзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg