www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурда Жогорку Сотто иштеген кишинин сөөгү Ташкент облусунун Кибрай районундагы туристтик чемодандан табылгандыгы тууралуу кабар бергенбиз. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышты Ташкент облусунун тургуну жасагандыгы аныкталып, ага айып тагылган. Шектүү Республикалык тез жардам көрсөтүү илимий борборунун травматология бөлүмүнүн башчысы Г.К. болгон. Бул тууралуу MY5 кабарлады.

Окуя 7-августта эртең менен болгон. Жабырлануучу Ш.А. соттолуучунун иштеген жерине барган. Дарыгер Ш.А. келгенинен пайдаланып, аны бош бөлмөгө киргизген. Ал ортодо, эки киши жеке касташуудан улам бир пикирге келе алышкан эмес. Андан кийин соттолуучу жабырлануучуну катуу буюм менен башына уруп, өлтүрүп салган.

Такталбаган маалыматтарга караганда, дарыгер жолугушууга келген кишиге ден-соолукка зыяндуу дары-дармектерди дагы колдонгон.

Маркумдун сөөгүн жок кылуу үчүн А. аттуу адамды чакырып, Республикалык тез жардам көрсөтүү илимий борборуна чакырган. Сөөктү Gentra автоунаасына салып, аны Кибрай районунан агып өткөн “Бозсув” каналына ыргытып жиберген.

Киши өлтүрүүгө алып келген окуяга себеп, травматолог шариат боюнча никеде турган жабырлануучунун экинчи жубайы Ш.А.ны жакшы көргөн. Эркектердин арасындагы кызганычтан улам жогорку окуя болгон. Ал эми маркумдун жубайы Республикалык тез жардам көрсөтүү илимий борборунда иштеген.

Соттолуучу маркумдун паспортун өрттөп, унаанын тиешелүү документтерин жана айдоочулук күбөлүгүн кайчы менен кесип, сууга таштап, маркумдун 660 000 сум жана 230 доллар акчасын алып, окуя болгон жерден изин жашырган.

Дарыгерге жана анын шеригине карата Кылмыш-жаза кодексинин 97, 169, 227 жана 241-беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости