www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-июнда Бангладеште суу ташкыны коркунучу болуп, 217 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Анадолу Бангладештин Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип кабарлады.

Суу ташкыны 850,000 адамды эвакуациялоого мажбур болгон жана 47,000 суунун булганышынан келип чыккан ар кандай оорулардан жабыркаган. 2 миллион адам гуманитардык жардамга жана баш калкалоого муктаж. Европа Бирлиги Бангладешке 1,94 миллион доллар жардам бөлүп берди.

БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун билдирүүсүндө Бангладештеги муктаждарга 40 миллион долларлык программа ишке ашырылат деп айтылды. Жергиликтүү бийлик суу ташкыны айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирип, түшүмүн жууп кетиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Циклон аба агымдары Индиянын жана Бангладештин чыгыш аймактарына көп зыян келтирерин белгилей кетүү керек. Бул калкка, айыл чарбасына жана өлкөнүн экономикасына зыян келтирет.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости