www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен байланышып, шайлоонун шарапаты менен биринен чыгып, экинчисине кошулуп жаткан партиялар, саясатчылар тууралуу пикир алыштык.

- Азимбек Анаркулович, Темир Сариев менен Кубанычбек Исабеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясына кошулду. “Бүтүн Кыргызстан” күчтөнүп жатабы же Сариев неге Текебаевди чанып, Мадумаровго ыктады?

- Темир Сариев, Кубанычбек Исабеков жана башка саясатчылар кошулса эле "Бүтүн Кыргызстан" күчтөнүп кетти дей албайм. Саясатчылар кайсы бир деңгээлде үйүр-үйүрүн таап жатат десек болот. Сариевдин жана башка саясатчылардын Мадумаровго ыктаганын Кыргызстандагы орусчул партия катары Кремлге көрсөткүсү келген кыргыздардын Россиядагы кураторлорунун кеп-кеңеши менен болуп жатса керек деп боолгойм. Чындыгында батышчыл “Ата Мекенге” караганда “Бүтүн Кыргызстан” партиясы орусчул. Бирок, шайлоодо Сариев менен Мадумаров бириккени экөөнө тең аброй алып келбейт. Себеби, Мадумаровдун апрель ыңкылабы, анын баатырлары, Убактылуу Өкмөт жөнүндө айткандары, ошол эле Сокулуктук революционерлердин, Акшумкарчылардын эсинде. Андан көрө Сариев “Ата Мекенде” эле калса болмок. Себеби, бул жолку шайлоодо орус-кыргыздар “Бүтүн Кыргызстанга” караганда “Бир Болго” жана “Замандашка” көбүрөөк добуш бериши ыктымал.

- Негизи Кыргызстанда оппозиция барбы?

- Кыргызстанда көп жылдардан бери топтолгон проблемаларды жоюу үчүн, бирдиктүү иш программага бириккен идеалаштардын системдүү бирикмеси  катары бириккен оппозиция жок. Бирин-экин чакырыктар шайлоо учурунда айтылчу гана деңгээлде адаттагыдай айтылууда. Анткени, оппозиция десе эле, иштеп жаткан бийлик менен президентти согуп, орунсуз болсо да сындаганды өнөр кылып алган саясатчылар, өздөрүн оппозиция катары көрсөтүп жатышат. Бирок, өлкөдөгү азыркы чек ара проблемалары, коррупция, шайлоо системасы, үй бүлөлүк партия түзүү, парламент, өкмөт түзүү, бийликтин мыйзамсыз бирок де-факто президенттин колунда калышын азыркы президент бүгүн эле жараткандай оозу-мурду кыйшайбай баарын Жээнбековго төңкөрүп жаткандар ушул системаны кечээ башка президенттин үй-бүлөсү менен өзү курганын айткысы, мойнуна алгысыда келбейт. Ошон үчүн эл оппозицияга да, бийликке да ишенбей жалаң, жаңылар келсин деп жатканы ушунда.

- Шайлоодо ийгилик оппозицияга оошу мүмкүнбү?

- Шайлоодо ийгилик бийлик түзгөн, колдоп жаткан партияларда болушу көбүрөөк чындыкка жакын. Эмне дегенде жогоруда айткандай конкреттүү бирдиктүү идеялык программага бириккен оппозиция жок. Оппозициямын дегендердин кадыр-баркы бийликтикинен жогору эмес. Айрым соцсеттердеги мактоо көрсөткүчтөр, ар кимдин өзүнө ылайыктап түзүп жаткан чакырык, рекламалары. Алар «пандемия жок, бул саясат»- деп  олтурганда бийлик жер-жерлердеги реалдуу ишкер, элдин керегине жарап жаткан элеттик элитаны өзүнө тартып алды. Элге реалдуу жардам көрсөттү. Азыр бийликтин партиясы деген партияларда жаңы, жаш жергиликтүү лидерлер көп. Жалаң президенттин жаман жагын чукуп, аны менен саясат кылуудан кыргыз эбак өткөн. Бир эмес эки президентти кууп чыгып, үчүнчүсү түрмөдө отурат. Андан бир нерсе өзгөрдүбү? Албетте, жок. Демек, мамлекеттин саясый системасын  кардиналдуу өзгөртүү саясаттын чордону болуу керек. Аны айткан жаңы күчтөр да жок. Эскилеринин айрымдары үй- бүлөлүк парламент пайда болгон 2007-жылдан бери депутат болушту. Реформа жасады. Шайлоо системасын өзгөртүү маселесин көтөрмөк түгүл, 2010-жылкы Конституцияны бузуп, Атамбаев үй-бүлөлүк башкарууну кайра калыбына келтиргенге кызмат кылышып, чоң салым кошушту. Албетте, шайлоо алдында партия терисин алмаштыруу, шайлоо учурунда оппозиция, парламентке келгенде президенттик коалицияда болуу өнөкөт көрүнүш.

- Өмүрбек Текебаев бийликчил да, оппозициячыл да партиялар өз ара биригип, чоң күчкө айлангыча ортодо байлыгы да, бийлиги да жок эл деген партиялар өтүп кетиши мүмкүн. “Ушундай  болушун каалагам” деди го?

- Текебаев эмнени кааларын мен уккан эмесмин. Ал 2007-жылкы Бакиевчилер түзгөн азыркы шайлоо системасын “Ак Жолдун” ордуна келем деген үмүт менен сактап жүргөнүн билем. Бул шайлоо системасы өзгөрүлмөйүнчө, илгерки мугалим Текебаевге окшогон элдик депутаттарга эч качан парламенттен орун тийбесин да билем. Эгерде бардык саясый партиялар менчик болгон соң, депутаттарды тандоо, тизмеге киргизүү акчасыз болбошун да билем. Азыркы система боюнча акчасы жок партия шайлоого катышмак тургай, түзүлө албашын да билем. Эгерде түзүлсө, ал революциялык гана партия болушу мүмкүн. Албетте, парламентке тажрыйбалуу, таза депутаттар абадай керек. Бирок, аларды партия ээлери алабы деген маселе бар. Эл күткөн реформаны жасоо күзүндө шайлана турган жаңы парламент менен азыркы президент С.Жээнбековдун бешенесине буйруса керек. Анткени, быйыл сентябрь айында азыркы Конституциянын саясый системасына, бийлик бутактары камтылган беренелерин оңдоп түзөтүүгө Убактылуу Өкмөт тыюу салып кеткен жобо күчүн жоготот. Жаңы парламент Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү укугуна ээ болот. Президент жаңы парламент менен эл чыдап күтүп жүргөн реформаларды жасайт деген ишеничтемин. Коронавирус тумоосу элди, президентти, анын жаңыдан түзүлүп жаткан командасын, көптөгөн саясатчыларды ойлонтту. Башкаруу системасын эл кызыкчылыгы үчүн реформалоо керектигин президент түшүндү го деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости