www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Эркингүл Иманкожоева менен 22 жылдан кийин төгүлгөн цианид үчүн кенемте төлөп берүү боюнча чыккан соттун чечиминин алкагында сүйлөштүк.

-Эркингүл эже, Кумтөргө 22 жылдан кийин төгүлгөн цианидден жапа чеккендерге кенемте төлөө боюнча биринчи жолу соттун чечими чыкты. Азаптуу күндөр унутулуп, мээнетиңер кайтты десек болобу?

-Бүгүн чечим чыгарган Октябрь райондук сотунун судьясы А. Жээнбековага ыраазычылык билдиремин! Кыргызстан эле эмес, дүйнө жүзү карап турган соттук ишке чекит койду. Мындай чечим чыгаруу ар бир соттун колунан келе бербесе керек. Бирок 15 жыл аралыгында, доогерлер менен бир топ кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Менин оюмча 15 жыл талыкпай ар бир соттук ишке катышып, далилдеп, материалдарды изилдеп таап, келишимдердин баарына изилдөө жүргүзүү, ар бир цифраны талдоо, компаниянын бир канча жогорку эмгек акы алган жактоочулары менен тең тайлашууда ар кимдин колуна келе бербеген иш! Мени менен жүргөн жактоочу, доогерлер ар бир процесске катыша албай калган күндөрү көп болду. Ошол убактарда жалгыз жактоого туура келчү. Анткени, доогерлерде жактоочуга бере турган кайдагы акча. Мен өзүм акча албай 15 жыл көгөрүп соттошуп келдим.

-Акча албай кызмат кылганыңызга элдин укугу тебеленип, цианидге уулангандардын абалы себеп болдубу?

-Биринчиден, кыргыз эли, эмнеге чет өлкөлүк кампанияга өзүн ууландырып, басмырлатып, шылдыңдатып карап жата бериш керек деген ой уйку берген жок. Экинчиси намыстандым. Күрөш ушунча убакытка созулса да, күнөөлөрүн далилдедик. Эми мындан аркы эки сот, акыйкаттык менен биз тарапка чечип берет деген үмүтүбүз чоң!

-Дагы жолдон чыгарып, убакытты созуунун айласын табышпайбы?

-Менимче шылтоо деле калган жок, 15 жылда, ар кайсы шылтоолорду айтып келишти. Төрт жолу Жогорку Сотко барып кайра төмөнкү инстанцияга түштүк. "Кумтөр Голдь Компании" күнөөсүн мойнуна алганын доогерлерге ачык айтты. Бирок, биз компенсация төлөбөйбүз, 1998-жылы Өкмөткө төлөгөнбүз деп жатышат. Эми ток этер жерин айтканда, 998-жылы 20-майда авария болгондон кийин, элге 5 саат айтпай качып кетүүнү самап, цианидди “обработка” жасайбыз деп, хлор чачканы кыскасы толгон-токой мыйзамсыз иштери мойнуна койдук. 1998-жылы июнь айында, Барскоон окуясы боюнча, Өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу үчүн берилген 4.5 миллион долларды "Кумтөр" компаниясы, 1999-жылдын декабрь айында, Торонто шаарында түзгөн "Тынчтык келишимине" киргизип, мурун алган акчаны, кийинки келишим менен чыгымдап ойго түшкө кирбеген иштерге жол беришкен. Мыйзамга каршы иш кылышкан. Чынында биринчи акча берип, анан келишим түзөт деген жобо кайсы мыйзамда бар. Эч жерде жок. Бирок, биздин ошол кездеги бийлик мына ушундай шалаакылыкка, көз боёмоочулукка жол берген Аскар Акаевдин жана келишим түзгөнү барган Б.Силаевди, Кубанычбек Жумалиевдин түздөн-түз күнөөсү! Алар тарых алдында, элдин алдында жооп бериши керек! Ошондой эле Кумтөр компаниясы түзүлгөн келишимдеги 4.5 миллион долларды төлөп бербегендиги үчүн жоопко тартылышын талап кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости