www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиялык «Ювентус» жана франциялык «Монако» командалары Европанын чемпиондор лигасынын алкагында алгачкы жарым финалдык беттешин өткөрүштү. Анын жыйынтыгы УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды.

«Монакого» конокко барган «Ювентус» 2:0 эсеби менен жеңишке жетти. Эки голду тең аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин киргизди.

Эми жооптук беттеш 9-майда өтөт.

Шаршембиде ошондой эле Европа лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну дагы болду.

Анда Амстердамдын "Аякс" командасы өз талаасында франциялык "Лионду" 4:1 эсебинде утту.

Бул жуптун ортосундагы жооптук беттеш 11-майда өтөт.

Европа лигасынын жарым финалынын алкагында бүгүн испаниялык "Сельта" жана англиялык "Манчестер Юнайтед" командалары кез келишет.

Последние новости