www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстандын карызын кечти

Орусия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечти. Буга чейин эки өлкө 300 миллион доллар карызды 10 жыл ичинде, тагыраагы, жыл сайын 30 миллиондон жоюуну макулдашкан. Эки жыл ичинде 60 миллион доллар карыз жоюлган болчу. Эми Россия тарап калган карызды дагы толугу менен кечип отурат. Тийиштүү жарлыкка Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведов кол койгон. Ошондой эле документте карызды кечүү Россиянын Кыргызстанга берген расмий жардамынын алкагында ишке ашканы белгиленген. Бишкек менен Москва 2012-жылы жалпы суммасы 500 миллион доллар болгон карызды жөнгө салуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол койгон. Ага ылайык, келишим күчүнө кирген күнү 188,9 миллион карыз кечилмек. Ал эми 2016-жылдан тарта 300 миллион доллар карыз он жыл аралыгында жоюлмак. Буга чейин Каржы министрлигинин мамлекеттик жетекчиси Бакыт Садыков Кыргызстандын Россияга берчү 240 миллион мамлекеттик карызынан толугу менен кутлуу боюнча келишим даярдалып жатканын билдирген.

Булак: "ПолитКлиника"

Последние новости