www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында эмгек рыногу, калкты иш менен камсыз кылуу, ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу маселеси талкууланып жатканда, депутат Ирина Карамушкина министрлик иштебей туруп калган айрым ишканаларды кытайларга берүүнү чечкендиктен, алар өз жумушчуларын алып келе турганын белгиледи. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

«Албетте, андай ишканаларды көтөрүү керек. Бирок, кытай жумушчулары биздин жарандарга караганда чоӊ маянага иштейт. Ошондуктан, андай ишканаларга жергиликтүү жумушчу күчүн тартуу жагын ойлонуштуруу керек», - дейт депутат.

Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиевдин айтымында, иштебей туруп калган ишканаларды кимге берүү маселеси тендердик комиссия тарабынан чечилет. Кыскасы, тендерде ким утса ошого берилет. Ал жылына бир жолу «легалсыз» өнөктүгү жүрүп, өлкө аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуулугу текшерүүгө алына турганын кошумчалады.

Андан тышкары, чет өлкөдө өлгөн эмгек мигранттарынын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү (Жүк – 200) жаатында да көйгөйлөр бар экени белгилүү болду. Миграция кызматынын маалыматына караганда, азыркы мыйзамга ылайык, сөөктүү жеткирүүгө 20-30 миӊ сом берилет. Ал үчүн 16 документ талап кылынат. Ошондон улам, каражат алуу жагынан көп кыйынчылыктар жаралууда. «Биз азыр бул маселени иликтеп чыгып, 2 документке кыскартып, 50 миӊ сом өлкөмүндө каражат кароо демилгесин көтөргөнбүз. Баардык министрликтер менен мекемелердин макулдугу алынды, эми Өкмөт чечим кабыл алат деп турабыз», - дейт Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы, деп билдирет ЖК басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости